Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ЖККУда Кыргызстандагы абал талкууланат


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин катчылары Кыргызстандагы кырдаалды бүгүн талкуулашат. Бул тууралуу Орусия президенти Д.Медведев менен Кыргызстандын Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаеванын телефондук байланышуусунда сөз болду. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Н.Тимаковага шилтеме берип “Интерфакс” агенттиги жазды. Сүйлөшүүдө Д.Медведев адам өлүмүнө алып келген улуттар аралык жаңжалды тезинен жөнгө салууга кыргыз бийлигин чакырды.

Кечээ Канттагы ЖККУнун аскердик базасына Орусиянын аскердик-аба күчтөрүнүн 31-десанттык-штурмалоочу батальонунун атайын даярдыктагы аскердик курамы бар үч Ил-76 учагы келип конгон. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирген. (GA)

XS
SM
MD
LG