Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

А.Рыскулова качкындар боюнча атайын өкүл болду


Мындай маалыматты "Ата Журт" партиясынын басма сөз кызматы тастыктады. Буга чейин Миграция жана иш менен камсыз кылуу министри болуп иштеген Айгүл Рыскулова качкындар боюнча иш алып баруусу зарыл деген сунуш менен Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага укук коргоочулар кайрылышкан. "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын билдирүүсү боюнча, качкындар үчүн өзүнчө лагерь уюштуруу зарыл жана алардын укугун коргоого алууга кыргыз өкмөтү менен эл аралык уюмдар милдеттүү. Бүгүн Ош облустук администрацияда качкындар менен иштөө үчүн түзүлгөн штабдын тутуму 11 адамдан турат жана ага укук коргоочулар менен журналисттер киргизилди. Штабдын алдына элге маалымат таратып иштөө, коменданттык сааттын эрежесин туура сактоого үндөө, гуманитардык жардам берүү жана эл арасындагы уу-чууну басуу милдети алдыга коюлду. (BD)

XS
SM
MD
LG