12-июнь күнү Ош шаарындагы тополоң окуялардын учурунда курман болгон чек арачы Канат Абдылдаев 29 гана жашта болгон. Анын сөөгү 14-июнь күнү туулган жери Балыкчы шаарында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмисине Балыкчы шаарынын башчысы Мирлан Бообеков баштаган адамдар катышты. (RB)