Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Өзбекстан чек арадагы өткөөл бекеттерин саат 18ден тарта жапты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын өткөөл бекеттерди жабышынын себеби белгисиз, буга чейин түштүктөгү окуялардан улам Кыргызстандан Өзбекстанга чыгып кетүүнү көздөгөндөр чек арадан өткөрүлүп жаткан. “Менин болжолдуу эсептериме караганда, чек аранын аркы тарабына өткөндөрдүн саны 60 миңге чейин жетүүсү мүмкүн, бирок бул цифра али өзбек тарап менен биргелешип тактоону талап кылат”,- дейт Чолпонбек Турусбеков. Ал кошумчалагандай, бүгүн саат 18ден тарта расмий түрдө кыргыз -өзбек чегиндеги Ак буура бекетинен гана өтүүгө болот. Өзбекстан чек араларын бир тараптуу түрдө Кыргызстанда 7- апрелде орун алган окуялардан кийин эле жапкан болчу. Бирок түштүктөгү окуяларга байланыштуу чек аралар ачылган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG