Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Чек арага баргандарды кайтаруу аракети көрүлүүдө


Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жергиликтүү бийликтин демилгеси менен түзүлгөн атайын топтор кыргыз-өзбек чек арасына жөнөп кетти. Алар коопсуздугунан кооптонуп Өзбекстандын чек арасын көздөй качып барган бул аймактардын тургундарын үйлөрүнө кайтууга үндөшөт. Эгер каалоочулар болсо алар атайын даярдалган кичи автобустар менен алып келинет. Ошондой эле алардын коопсуздугуна кепилдик берилет жана милиция өкүлдөрү коштоп келмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” азыр аталган аймакта жүргөн Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Жоомарт Сапарбаев билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG