Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

М.де Бришамбо: ЕККУ Кыргызстанга жардам берүүгө даяр


14-16-июнда Австриянын Вена шаарында ЕККУнун коопсуздук тармагы боюнча өтүүчү конференциясынын бүгүнкү отурумуна Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментинин директору Сейит Убукеев катышып, Кыргызстандагы окуялар боюнча маалымат берет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

14-июнда ЕККУнун баш катчысы М.де Бришамбо кыргыз делегациясы менен жолугушуп, өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаал жана Убактылуу өкмөттүн коомдук тартипти, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштери тууралуу маалымат алды.
Ош, Жалал-Абад облустарында кырдаалды турукташтырууга, гуманитардык бүлгүндүн алдын алып сактап калууга Кыргызстан чукул арада эл аралык жардамга муктаждыгы айтылды.
М.де Бришамбо ЕККУ Кыргызстанга ар тараптуу тез жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG