Ички иштер министрлигине караштуу №703-бригаданын өкүлү Курал Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бригаданын майору Ибрагим Кулбаев кечээ куралчан топтор менен атышуу убагында каза тапты. Анын 3 баласы жетим калды. И.Кулбаев Ооган жана Баткен коогалаңына катышкан. Анын сөөгү бүгүн туулуп өскөн Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылына коюлат. (AJ)