Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

АКШ эл аралык коомчулукту Кыргызстандагы кырдаалды чогулуп жөндөөгө чакырды


АКШ эл аралык коомчулукту Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда макулдашып иштешүүгө үндөдү. Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули:

-Биз Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтү, Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Россия менен өтө тыгыз байланыштабыз. Биз бул өлкөдөгү коогалаңды басуу үчүн эл аралык коомчулуктун макулдашып аракеттенүүсүнө умтулуп жатабыз.

Кроули ошондой эле Мамкатчы Хиллари Клинтон айым Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрү жана Борбор Азиянын айрым жетекчилери менен калабаны талкуулашканын кошумчалады.


Дүйшөмбү күнү Россия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандагы кырдаалды “чыдап болбойт, бул регион үчүн да коркунучтуу, кооганы токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек”, - деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG