Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Кызыл Крест: Өзбекстанга 80 миңдей этникалык өзбек өттү


Эл аралык Кызыл Крест уюмунун регионалдык башчысы Паскаль Вагнер айымдын айтымында, Кыргызстандан Өзбекстанга качкан өзбектердин саны 80 миңдей болот жана 15 миңдей адам чек арага топтолгон.

Өзбек өкмөтү дүйшөмбү күнү Кыргызстан жак чек арасын жаба турганын билдирген. Кыргыз чек ара кызматы Өзбекстан чек араны дүйшөмбү күнү саат 18ден тарта жапканын ырастады.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкомиссары Нави Пиллай айым Өзбекстан менен Тажикстанды чек арасын ачык кармоону сурады.

XS
SM
MD
LG