Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Максим Бакиевди кайтарып алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө


Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканабев “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, Башкы прокуратура өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги аркылуу Максим Бакиевди өлкөгө кайтарып алуу боюнча документтерди Улуу Британиянын тиешелүү органдарына жөнөттү. Ал Улуу Британия менен бул багытта келишим жок экенин, бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги аркылуу иштелгенин билдирди. The Sun гезити Максим Бакиев 13-июнда Интерполдун жаңдоосу менен Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан Гемпширдеги Фарнборо аба майданында кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бул маалыматты Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев да тастыктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG