Өлкөдө кооптуу жагдай сакталып тургандыгына байланыштуу театр, китепкана, музей ж.б маданий мекемелерде коопсуздук чараларын чыңдоо максатында үзгүлтүксүз күзөт нөөмөтү бекитилди. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жетекчилик берген тапшырмага ылайык, ар бир маданий жайдын башчылары ыктыярдуу элдик кошуундар менен тыгыз иштешүүнү колго алууга тийиш. (КС)