Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстан М.Бакиевдин күнөөсүн далилдегенге аракет кылат


Бул туурасында Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Максим Бакиев түштүктөгү окуяларды каржылаган. А.Атамбаев убагында Улуу Британия Орусияга алардын айрым адамдарын да бербей койгонун белгилеп, Кыргызстан Максим Бакиевдин күнөөлөрүн далилдегенге аракет кылаарын айтты. “Анктени ал эл арлык көз боемочулуктарга да катыштыгы бар болчу. Ал үй-бүлөнүн “кошелегу” болгон, - деди А.Атамабев.

Башкы прокуратура М.Бакиевди кайтарып алуу боюнча документтерди Улуу Британиянын тиешелуү органдарына жөнөткөн.

The Sun гезити Максим Бакиев 13-июнда Интерполдун жаңдоосу менен Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан Гемпширдеги Фарнборо абамайданында кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бул маалыматты Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев да тастыктаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG