“Азаттыктын” кабарчысы Гүлайым Ашакееванын айтымында, Убактылуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев жана өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов Базар-Коргон районунда тополоңдо жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирип, Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту. Андан соң өздөрү барган тик учак менен тополоңдо оор жараат алган алты адамды Ошко алып келип, алар аэропорттон Бишкекке жөнөтүлдү. Буга чейин Ош жана Жалал-Абаддан оор жарадар алган 11 адам Бишкекке алынып келингенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. (КЕ)