Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө БУУда сөз болду


Бишкекке топтолгон жардамды түштүккө жеткирүү азырынча чоң көйгөйгө айланууда.
Бишкекке топтолгон жардамды түштүккө жеткирүү азырынча чоң көйгөйгө айланууда.

Кыргызстандагы кырдаал тууралуу өткөн түнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде да сөз болду. Анын алдында жагдайды Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери талкуулаган эле.

Эл аралык коомчулук түштүктө улут аралык чатактан улам жаралган гуманитардык абалга тынчызданып, ушул маселеге көңүл бурарын билдиришүүдө.

Коопсуздук Кеңешиндеги талкуудан кийин Мексиканын БУУдагы элчиси, азыр кеңештин президентинин милдетин аткарып жаткан Клод Хеллер журналисттерге буларды айтты:

-Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү БУУнун башкатчысынын жана түрдүү эл аралык уюмдардын кырдаалды талаптагыдай жол менен жөнгө салуу боюнча аракеттерине колдоо көргөздү. Коопсуздук кеңеш мүчөлөрү Кыргыз республикасында орун алып жаткан кыянатчылыктарды айыптады жана гуманитардык жардам көргөзүү боюнча чараларды тез арада колдоо зарылдыгын белгиледи. Коопсуздук кеңеш мүчөлөрү тынчтыкка, мыйзам үстөмдүгүнө, тартипке, пикир –келишпестиктерди тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырышты.

Ал эми БУУнун башкатчысынын саясий иштер боюнча орун басары Линн Паско өз сөзүндө жабыр тарткандарга жардам көргөзүү үчүн Кыргызстандын ичинде тезинен гуманитардык корридор ачуу, качкындарды кабыл алып жаткан Өзбекстанга жардам көргөзүү зарылдыгын белгиледи.
-
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, өлкөнүн алкагында гуманитардык корридор бар. Бирок Бишкекке топтолгон жүктү түштүккө өз учурунда жеткирүү коопсуздук жүйөөсүнөн жана унаанын тартыштыгынан улам кечеңдөөдө:

-Корридор жагынан маселе жок. Бирок бул жактан (Бишкектен) Ош менен Жалал – Абадга жеткирүү кыйыныраак болуп жатат. Учак жетишпей жатат. Жеринде болсо алар (жардам таратуучулар) ыктымал кол салуулардан чоочулашууда. Биз жакынкы күндөрү кербендин коопсуздугу, жүктү керек жерге, ар бир айылга чейин жеткирүү боюнча маселелерди чечебиз.

Евробиримдик да кыска мөөнттөн караганда, гуманитардык жардам көргөзүүгө артыкчылык берерин уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон 14-июнда Люксембургда болгон жыйындан кийин айтты:

Биринчи приоритет - гуманитардык кырдаал.Биз он миңдеген качкындар өлкөдөн Өзбекстанга агылгандыгы жөнүндө угуп жатабыз. Жабыр тарткан калктын чукул гуманитардык муктаждыктары үчүн чара көрүүгө даярбыз.

БУУнун башкатчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчанын 15-июнь күнү Бишкектен айтканына караганда, качкындардын саны жакын арада 100 миңге жетип баруусу мүмкүн. БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин маалыматына караганда, алар Өзбекстанга 75 миң качкын үчүн жардам жөнөтүп жатат. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде эл аралык уюмдардын качкындардын саны боюнча мына ушундай эсеби менен негизинен макул экенин белгиледи жана өкмөт өзбек улутундагы атуулдарды артка кайтаруу чараларын баштарын кошумчалады:

-Кыргыз өкмөтү өзбек улутундагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча иш –чарасын баштайт. Жарандар менен мен жолугушуп сүйлөшүп келдим. Алардын артка кайтканга эки көзү төрт, анткени Кыргызстанды өзүнүн мекени деп эсептешет.

Маалымат агенттиктери 15- июнда өзбек премьер-министринин орун басары Абдулла Ариповго шилтеме жасап билдиришкендей, Өзбекстан Кыргызстандан качкындарды кабыл алууну токтотот. “Анткени аларды жайгаштыра турган жай жана мүмкүнчүлүк “,- жок деген өзбек вице- премьер министри. Мунун алдында,14-июнь күнү Арипов расмий каттоодон өткөн жана жашы жеткен качкындардын саны 45 миң экендигин айткан болчу. Өзбекстан маал-маалы менен чек арадагы өткөөл бекеттерин жаап коюп жатканын “Азаттык” радиосунун кабарчылары менен маегинде Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчилиги жана качкындар да ырасташты. Оштук Шохида Турсунова Өзбекстанда аларды кандай кабыл алышканы жөнүндө мындай дейт:

-Биз Өзбекстанга 12 –июнда киргенбиз. Бизди жакшы жерге алып келишти. Лагерге жайгаштырышты, шарттары дурус. Баарын жаңы беришти. Түндө лагерди көздөй жол салышты. Кызматыбызда доктурлар бар, дары –дармек, керектүү жардамдын баарын алып жатабыз.

Акыркы эки күндөн бери чек арага барып кайра кайткандар да болуп жатат. Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун айтымында, маселен 14-июнь күнү кечке жуук Жалал-Абаддагы Сакалды чек ара бекетинен 200дөй адам өтүп, жарымы кайра кайтып келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG