Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Талас шаарынын жолдорун оңдогонго каражат бөлүнүүдө


Шаардын борборундагы Бердике батыр, Карл Маркс, Оторбаев жана Сарыгулова көчөлөрүн оңдогонго убактылуу өкмөт тарабынан 10 млн сом каралды. Облустун губернаторунун орун басарынын милдетин аркалап жаткан Нусуп Бектеновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алар алгач 12 чакырым жолду оңдоп берүүгө өкмөттөн каражат сурашып, азырынча жалпысынан 3 чакырым жол оңдоло турган болду. Жолду оңдоо иштери азыркы тапта жарыяланып жаткан ишканалардын ортосундагы тендердик комиссиянын жыйынтыгынан кийин башталмакчы. Талас шаарын ичиндеги жолдор 1970-жылдардан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.(UA)

XS
SM
MD
LG