Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Британия "Кандуу жекшемби үчүн" Түндүк Ирландиядан кечирим сурады


Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон 38 жыл мурда британиялык аскерлер жасаган кандуу булоон үчүн өкмөт атынан кечирим сурады.

1972-жылдын 30-январында Лондондерриде британиялык аскерлер куралсыз 13 түндүк ирландиялыкты атып салышкан. Бул күндү түндүк ирландиялыктар “Кандуу жекшемби” деп аташат. Окуя 12 жыл иликтенип, анын натыйжасында 5 миң барактык отчет түзүлгөн. Иликтөөгө 199 миллион фунт стерлин же 275 миллион доллар сарпталган. Британиянын тарыхында мындай кымбат жана узакка созулган тергөө болгон эмес.

Иликтөөнүн жыйынтыгы шаршемби күнү Британ парламентинде алгачкы жолу жарыяланды.

XS
SM
MD
LG