Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Б Аманбаев: "Ошто гумжардам жең ичинен таратылып жатат"


Ош шаарында базарлар, магазиндер иштебей турат, элдин караганы сырттан келе турган жардам
Ош шаарында базарлар, магазиндер иштебей турат, элдин караганы сырттан келе турган жардам

Ош шаарында тополоңдон жабыркаган элге тонналаган гуманитардык жардам келип жаткан менен, ал көбүнчө элге жетпей, катуу нааразылык чыгып жатат. Шаардын вице-мэри Бакыт Аманбаев мэр Мелис Мырзакматовду жана экономикалык маселелер боюнча вице-мэрди келген гуманитардык жардамды жең ичинен таратып жатат деп айыптоодо.

“Азаттык”: Ош шаарында түн кандай өттү?

Бакыт Аманбаев: Ош шаарында бөлөк түндөргө караганда тынч өттү, бирок алыс жактарда атышуулар болуп жатат. Бул атышуулар мылтыктын үндөрү токтой элек, бирок эки элдин өкүлдөрүнүн бири-бирине чабуулдары болгон жок.

“Азаттык”: Ошко гуманитардык жардам жеткирилип жатканы маалымдалууда, алар өз убагында муктаж болгон адамдарга жеткирилип жатабы?

Бакыт Аманбаев: Чын-чынына келгенде Ош шаарынын эли азыр гуманитардык жардамга аябай муктаж болуп турган кези, анткени эч бир базар же дүкөн иштебей жатат. Ошондуктан республикабыздын булуң-бурчтарынан гуманитардык жардамдар келип жатат, бирок, тилекке каршы, элге жетпей атат. Мунун себеби Ош шаарынын мэри тарабынан атайын түзүлгөн штабдын башында, мэриядагы кызматкерлердин айтымына караганда, мэрдин Байказаков деген экономикалык суроолор боюнча тейлеген вицеси отурат.

Мен ошол жерге барып күбө болуп отурам, келген жардамдар жең ичинен таратылып атат, шаардын бардык жерлерине жетпей жатат. Мэриянын жалпы эки жыйынында катуу сын менен сүйлөдүм, мындай болбойт, токтотуш керек деп. Элдин ыйынан акча жасаганга аракет кылбаш керек, көзүңөрдөн чыгып кетет, план менен таратыш керек деп.

План боюнча Ош шаарын сегиз картага бөлүп туруп, райондорго, чакан жерлерге бөлүш керек. Аймактык кеңештер болот, ошолор аркылуу кол койдуруп алып, бардыгына текши таратыш керек. Эң биринчи ооруканаларга, балдар үйүнө, кары-картаңдарга, андан кийин калган элге таратыш керек. Себеби келген продуктулардын бардыгын элге жеткиргенге мүмкүн эмес. Аларга унду нан кылып саттырса, бул туура боло турган иш.

“Азаттык”: Сиздин сын пикириңизге Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эч кандай реакция кылган жокпу, болбосо ошол штаб башчысын кызматтан алыш керек эле да?

Бакыт Аманбаев: Чындыгында бул адам да саботаж кылып жатат, анткен себеби ал мурдагы бийликтин өкүлү, К. Бакиевди ушул жерде тосуп алган киши ушул. Азыркы окуяларга да түздөн-түз, жанакындай көкүтүп уюштургандарга тиешеси бардыгы да турган иш. Ошондуктан буга да чара көрүлбөй жатат. Кыйчалыш окуялардын бардыгында шаар бийлигинин түздөн-түз күнөөсү бар деп ойлойм.

“Азаттык”: Ушул тапта Оштун тургандары негизинен кандай жардамдарга зарыл болуп турат?

Бакыт Аманбаев: Оштун тургундарына ар кандай тамак жасап берсе болот, күнүмдүк макарон, май кант жана башка менен. Бул жерде нан жаап ала алышпайт, жатаканада да нан жаап ала алышпайт. Ошондуктан аларга даяр тамактарды бериш керек. Балдар үйүндө да ушундай. Элди ачка калтырбаш үчүн аларга келген унду сөзсүз түрдө нан жасатып туруп, ар бирине жоопкерчиликтүү адамдарды коюп, ошолор аркылуу таратыш керек.

“Азаттык”: Ошто электр жарыгы газ дагы эле жокпу?

Бакыт Аманбаев: Электр жарыгы бар. Газ биринчи күнү өчүрүлгөн болчу. Андан кийин кайрадан жандырылды, себеби коркунучу бар деп. Тынчтыкты калыбына келтирүүдө мына ушундай иш-чаралар көрүлүш керек деп ойлойм. Транспортту жүргүзүш керек, шаар ичинде атышуу жок, жолдор тазаланыш керек, маршруттарды жүргүзүш керек.

Р.S. Айрым маалыматтарга караганда, Оштун мэри Мелис Мырзакматов мэрдин биринчи орун басары Т. Камчыбековду жана аны менен кошо дагы бир орун басары Б.Аманбаевди өзү билип кызматтан алып салды. "Азаттык" мэр Мелис Мырзакматов бул айыптоолор боюнча өзүнүн жообун айтат деп күтөт.

XS
SM
MD
LG