Пхеньян БУУнун Коопсуздук кеңеши Түштүк Корея кемесинин чөгүшүнө байланыштуу Түндүк Кореяны айыптаса, аскерий чара менен жооп кайтарылат деп эскертти. Сеулдун ырастоосунда, кеменин чөгүшү үчүн Пхеньян жооптуу. 26-мартта болгон кырсыктан түштүк кореялык 46 деңизчи набыт болгон. Түндүк Кореянын БУУдагы элчиси анын өлкөсү Түштүк Корея жасаган жыйынтыктарды текшерүү үчүн өз иликтөөсүн жүргүзөөрүн айтты.