Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Кыргызстанга жардам берүү чакырыктары


Жалал-Абаддагы бир кыштак тополоңдон кийин, 14-июнь.
Жалал-Абаддагы бир кыштак тополоңдон кийин, 14-июнь.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлү шаршембиде Ташкентке барды. Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Өзбекстандагы иш сапарынын алкагында Фергана өрөөнүндө кыргызстандык качкындар үчүн уюшулган лагерлердеги абал менен таанышат. Андан соң иш сапарын Кыргызстанда улантат.

Эл аралык коомчулук түштүктөгү жаңжалдын натыйжасында пайда болгон гуманитардык абалды өзгөчө бөлүп көргөзүп жатат.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроулинин айтымында, Мамлекеттик катчы Хилари Клинтон Борбор Азияга аттанган дипломатка Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан өткөн жеке адамдар менен байланышкан жагдайды өз көзү менен көрүүнү жана гуманитардык кырдаалды жеринде баалоону тапшырды.

Филип Кроули белгилегендей, азыр АКШ? БУУ, ЕККУ, Эл аралык Кызыл чырым комитети менен Кыргызстандагы кагылыштардан жабыр тарткандарга, анын ичинде Өзбекстанга өтүп кеткендерге көргөзүлүүчү жардамдар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Вашингтондук расмий өкүлдүн аймактагы сапарына тушташ АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 16- июнда тараткан маалыматка караганда, америкалык өкмөт 10,3 миллион доллар бөлүүдө.

Бул каражат түштүктөгү кандуу окуялардын кесепеттерин жоюуга жумшалат. алдыдагы шайлоону колдоо иштерине багытталмакчы. Анын эсебинен жергиликтүү жамааттарга колдоо көргөзүлөт, өтө зарыл медициналык каражаттар менен жабдуулар, азык-түлүк алынат. Ошондой эле айыл чарбага алдыдагы шайлоону колдоо иштерине багытталат.

Кыргызстан азыр Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан убада кылынган жардамды күтүп жаткан кез. Ал маселелерди тездетүү үчүн 16-июнда Москвага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов барды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ушул эле күнү Москвадан буларды билдирди:

-Кыргыз тараптын өтүнүчүнө ылайык, Кыргызстандын укук коргоо органдарына алар тартипсиздиктер менен натыйжалуу күрөшүп, кырдаалды стабилдештирүүчү үчүн материлдык –техникалык жардам көргөзүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган. Ошондой эле кыргыз тарапка баш-аламандыктар менен кыянатчыл иштердин уюштуруучуларын табууда жардам көргөзүү,, Кыргызстандын эли улут аралык араздашууну тутандыруу аракеттерине каршы биздин бирдиктүү позициябызды көрүш үчүн маалымат талаасында бирге иштөөгө байланышкан чечимдер кабыл алынган.

Сергей Лавров кошумчалагандай, ЖККУнун жардамын алыш үчүн анын уставдык документтеринде каралган эрежелерди баарын басып өтүү керек.

Бул аралыкта Евробиримдик да жабыр тарткандар үчүн 5 миллион евро ажыратып жатканын 16-июнда жарыялады. Комиссиянын басма сөз катчысы Ферран Тарраделлас Брюсселдеги пресс-конференцияда буларды айтты:

-Бүгүн Европа комиссиясы Кыргызстанда кыргыз жана өзбек жамааттары тартылган кыянатчылыктардан жабыр тарткандар үчүн 5 миллион евро чукул жардам көргөзүүнү чечти. Бүгүн жактырылган жардам бейөкмөт, эл аралык уюмдар, анын ичинде Улуттар уюму, Кызыл чырым аркылуу берилет.


Ферран Таррадиллас белгилегендей, жардамдын өлчөмү алдыда көбөйтүлүүсү мүмкүн. Жогорудагы акча дары-дармек, азык-түлүк жана башка социалдык муктаждыктар үчүн сарпталат. Кыргызстанга жардам көргөзүү чакырыгын 16-июнда БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Антонио Гутеррес да жасады. Ал немец радиосунан сүйлөгөн учурунда белгилегендей, “өлкөнүн коңшулары, эл аралык коомчулук Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу үчүн колдон келгендин баарын жасоосу керек”. Антпесе Гутеррестин сөзүнө караганда кризис “катастрофага” айланып кетүүсү мүмкүн.

Түштүктө жабыр тарткандар үчүн жардам өлкөнүн өзүнөн чогултулуп, тыштан келип жана убада кылынып жатканы менен аны алуучуларга жеткирүү жагынан али жөнгө салына элек. Коопсуздук кеңештин катчысы Алик Орозовдун айтымында, мунун негизги себеби коопсуздуктун начардыгы жана унаанын тартыштыгы.

Эл аралык коомчулукта жардамга качкындарды кабыл алган Өзбекстан да муктаж экендиги айтылып жатат. Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 15- июнь түштөн кийинтен тарта Өзбекстан чек арадан адамдарды өткөрүүнү токтоткон:

-Кечээ түштөн кийинтен тарта Өзбекстан өзбек улутундагы биздин жарандарыбызды өз аймагына өткөрүүнү токтотту. Качкындар лагерлери толуп калган сыяктуу. Бизде чек ара өкүлчүлүгүн аппараты деп койот. Кээ бир өткөрүү бекеттеринен ал тараптын өкүлдөрү биз мындан ары кабыл алалбайбыз деген маалыматты айтышты.


Курманакун Матенов кошумчалагандай, чек арадан расмий жана уюшулган негизде өткөрүү токтотулганы менен башка жолдор аркылуу өтүүлөр орун алып жатышы мүмкүн. Ал эми качкындардын так санын айтуу кыйын. БУУнун Качкындар иши боюнча мекемесинин эсебинде, чек аранын аркы тарабына өткөндөр 75 миң, ал эми Кыргызстандын ичинде ары –бери жер которгондор 200 миңдин тегерегинде.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG