Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Жалал-Абадда азык-түлүк тартыш


Жалал-Абадда көп жайлар жабылган, талкаланган, дүкөндөр иштебейт
Жалал-Абадда көп жайлар жабылган, талкаланган, дүкөндөр иштебейт

Кандуу калабалардан кийин Жалал-Абад шаарында азык-түлүк тартыштыгы пайда болду. Жээрге тамагы калбаган шаар тургундары бүгүн да мэриянын алдына чогулушту. Кыргызстандын башка чөлкөмдөрүнөн келген кайрымдуулук жардам тизмеге жараша бөлүштүрүлөт. Шаардын айрым тургундары 3-4 күндөн бери оокатсыз калгандыгын билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын оокаты түгөнгөн тургундары бүгүн да шаар бийлигинин алдына келишти. Анткени калаанын азык-түлүк дүкөндөрү менен базарлары жана ашканалары 11-июндан бери жабык турду жана дүкөндөр бүгүн бири-серин ачыла баштады. Шаарда жашаганы менен мэрияга барып кур кол кайткан Зулпия Алимбекова оокат тартыш болуп жаткандыгын билдирди. Мэриянын жамбашында иштей баштаган наабайканадан акчасы жоктугунан нан сатып алалбаганын айтат:

- Алты күндөн бери мен үйдөн чыкпай отурам коркуп. Кечээ бир үй-бүлөгө бир килодон ун берди. Андан башка оокат-аш эч бербей атат. Каттооң жок экен сенин деп айтышты. Мен бул жерде канча жылдан бери жашап атам.

Мүмкүнчүлүгү чектелген баласы менен Нуржамал Мырзакматованын беш чүрпөсү бар. Бала-чакасына жардам бергиле деп облустук жана шаар бийлигине кайрылган:

- Мага жардам деле берген жок. Мына 3-4 күндөн бери бир тоголок картошка, макаронго зар болуп ачка отурабыз. Бүгүн мэрия барып кайрылсак, эки мүнөт кеч калдың деп эч балее жок. Токтогулдан гумжардам келди деди, биз андан жарым кило алган жокпуз. Бизге окшогон жетим-жесирлер калып калып атат дагы, байдын катындары алып чыгып кетип атат. Тең бөлүнбөй ачка калып атабыз.

Кайрымдуулук жардамы облуска 15-июндан келе баштады. Кечээ бейөкмөт уюмдары жиберип, учактан түшүрүлгөн 8 тонна жана Токтогул районунан келген бир камаз кайрымдуулук жардамы кампада турат. Жалал-Абад шаар мэриясы облустук мекеме-уюмдар топтогон ундан нан жаптырып элге таркатууда. Дагы 20 тонна ар түрдүү жардам ооруканаларга берилди.

Бишкектеги “ Элнур” ишканасынан келген 20 тонна ун менен 5 тонна макарон Сузак районуна жиберилди. Губернатордун 1-орунбасары Жумагүл Эгембердиеванын ынандырышынча, кайрымдуулук жардам жергиликтүү бийликтер тарабынан тизме боюнча бүгүн түштөн кийин таратыла баштайт. Кайрымдуулук жардамдын көпчүлүк бөлүгү эми келе баштайт деген ишеним бар дейт ал:

- Бардыгын документ аркылуу кыла турган болдук. Бүгүндөн баштап бөлүштүрүүнү баштайбыз. Бирок дагы бир нерсени айтып коюш керек, тизменин негизинде мекем-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт, айыл башчылар, акимдер, мэриянын өкүлдөрүнө бере турган болдук.

- Келген жардамдар элге жетеби?

- Кечээ башталды, азыр телефон чалып жардам берем дегендер көп болуп атат. Бүгүн-эртең негизги поток келет Бишкектен, башка райондордон.

Бүгүн кайрымдуулук жардамын коштогондордун арасында “Мекен биримдиги” коомдук-саясий кыймылы болду. Кыймылдын башчыларын бири Абибилла Абдугапаров 3 күн аралап жүрүп, азык-түлүк тартыштыгы Жалал-Абадга караганда Ошто оорураак экендигин байкаганын айтат. Кыймыл бүгүн 13 тонна азык-түлүктү Жалал-Абад облбийлигине тапшырды. Аталган шаарда акыркы кыдаал жана тынчтыкты сактоо маселеси тууралу А. Абдугапаров мындайча ой бөлүштү:

- Оокат менен камсыз кылуу аракети болуп атыптыр. Бирок нукка коюла элек, элдин баары камсыз болуп бүтө элек. Бул боюнча аракет кылыш керек. Азыр абал кечээтен бери тынчып калгандай. Эгер ушул бойдон провокация болбостон, жетекчилер ишин жакшы деңгээлде алып барып, коомчулук да аракет кылып тынчтыкка бара турган болсо, буюрса тынчып кеткендей.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG