Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Бүгүн Акыйкатчы Оштогу кырдаал тууралуу маалымат берет


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акундун жардамчысы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчы баш болгон аппарат кызматкерлери Ош шаарында болушуп, ал жерде 30дан ашуун барымтага түшкөндөрдү бошотуп, эки элдин ортосундагы жаңжалды аксакалдар аркылуу сүйлөшүү жолу менен басууга аракет кылган.
Акыйкатчы Турсунбек Акун Ош аба майданында мекенине кете албай турушкан Түркмөнстандын 200гө чукул студентин чыгарып кетүүсүн өтүнүп түркмөн бийлигине кайрылган.

Ошондой эле Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов да бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Оштогу абал жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана бөлүнүшү тууралуу көз карашын билдирет.

Эл аралык уюмдар, Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик ишканалар, бизнесмендер, саясий партиялар, жеке адамдар Ош, Жалал-Абадга гуманитардык жардамдарды жөнөтүүдө.

“Ак шумкар” партиясы дагы Оштогу кандуу окуяга тынчсыздануусун билдирип, тополоңдон жабыркагандарга ири суммадагы гүмжардам беришкенин, кечээ 700 миң сомдук азык-түлүк жөнөтүшкөнүн “Азаттыкка” маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG