Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

“Бритиш Петролиум” АКШга 20 млрд. доллар төлөйт


“Бритиш Петролиум” компаниясы Мексика булуңундагы мунай бургулоочу скважинасындагы болгон авария келтирген чыгымды толтуруу үчүн атайын фондго 20 миллиард доллар төлөйт. Бул жөнүндө президент Обама Ак Үйдө британиялык энергогиганттын жетекчилери менен кездешкен соң жарыялады.

“Бритиш Петролиумдун” башчысы Карл-Хенрик Сванберг кездешүүдөн кийин АКШ элинен кечирим сурады жана "компания алган милдеттенмелеринин баарын аткарат, анын ичинде экологияга тийгизилген зыянды калыбына келтирүүгө катышат" деди. Сванберг быйыл компания өз акционерлерине жылдык кирешелерин төлөбөсүн да билдирди.

20-апрелде Мексика булуңунда болгон өндүрүштүк кырсык - АКШдагы эң чоң экологиялык алаамат болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG