Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

HRW Ирактын күрт бийликтерин аялдарды кордоону токтотууга чакырды


Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюму Ирак күрттөрүнүн өкмөтүнө кайрылып, аялдардын жыныс коңулун кесүүнү токтотууга чакырды. Уюмдун билдиришинче, Ирактын түндүгүндөгү күрт калктуу аймакта өткөрүлгөн изилдөөлөр келин-кыздардын көбүнүн жыныс коңулун бычууну тастыктаган.

Хьюман Райтс Уочтун Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөчүсү Надыя Халифе “Азаттыктын” ирак кызматына берген интервьюда мындай деди:

-Жакынкы Чыгыштын эли демейде аялдардын жыныс коңулун бычуу жөнүндө кеп кылганды жакшы көрүшпөйт. Бул талкууга жабык тема. Мындай тажрыйба Египетте, балким, Йеменде бар экенин билишет. Бирок анын Ирак Күртыстанында жайылганын эч ким билбейт. Биз муну ачыкка чыгаргыбыз келет.

2009-жылдын баш ченинде Күртыстан автономиясынын саламаттык сактоо кызматы береги салтты токтотуу боюнча чечим чыгарып, кийин андан баш тартып койгон.

XS
SM
MD
LG