Түркиянын аскерлери чек арачыларга кол салды деп шектелген күрт козголоңчуларын кууп, Ирактын түндүгүнө 2-3 чакырымга чейин кирип барды. Жортуул учурунда төрт согушчан жок кылынган. Армиянын маалымдашынча, аскерий операция Күртыстан жумушчу партиясынын согушчандары Түркиянын чек арачыларына кол салып, Түндүк Иракка өтө качкандан кийин уюштурулду.