Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Кадыржан Батыровго жакын адамдар кармалды


Алар Өзбекстанга качып кетип жаткан жеринен кармалганын Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ош шаар боюнча 33, Ош облусунда 12, ал эми Жалал-Абадда 14 кылмыш иши козголуп, бул иштер боюнча жалпысынан 43 адам кармалганын маалымдады. Андан сырткары дайынсыз жоголду деп 15 арыз түшкөн, алардын ичинде 2 МАИ кызматкери бар.
Кадыржан Батыров өзбек диаспорасынын лидери. Ал 14-майдагы Жалал-Абаддагы башаламандыкка тиешеси бар деп айыпталып жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG