Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Убактылуу өкмөт Бакиевдердин дагы 4 объектисин улутташтырат


Алар: Алексей Ширшовго тиешелүү Як-40 учагы, “Континент”, “Каприз” жана “Аалам сервис” ишканалары. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Аталган ишканалар мамлекетке өткөрүлөт. Анын айтымында, “Каприз” ишканасы Марат Бакиевдин азыр качып жүргөн жарандык аялына тиешелүү экени аныкталган. Ошондой эле, мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев тарабынан казактарга берилген пансионаттар улутташтырылыш керектигин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG