БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалымат катчысы Элизабет Бөрс бир жума мурда башталган өлкөнүн түшүгүндөгү тополоңдо Өзбекстанга 75 миңден 100 миңге чукул киши качты деп болжолдонуп жаткандыгын бышыктады. Бул санакка кичинекей балдар кирген эмес. Өкүл Кыргызстандын ичинде орун которгондордун саны 300 миңге чукул болушу мүмкүн экендигин кошумчалады. Ош шаарынын тургундарынын жарымынан ашыгы качып чыккандыгын шаар бийликтери кабарлады.