Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Жаңжалга себепкер деп шектелгендер кармалууда


14-майда Жалал-Абаддагы башаламандыкка тиешеси бар деп айып коюлган өзбек диаспорасынын жол башчысы Кадыржан Батыровго жакын адамдар кармалды, Батыровдун өзү азыр кайда экени белгисиз. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаровдун билдиришинче, Ош, Жалал-Абад облустарында 43 адам камакка алынды, дайынсыз жоголду деп 15 арыз түшкөн, ичинде 2 жол инспектору да бар. "Ак жол" партиясынын мүчөсү, Бакиевдерге жакын адамдардын бири Пайзуллабек Рахманов кармалды деген кабарды Жалал-Абаддын комендатурасы жокко чыгарды. Өткөн сааттарда 11 адам барымтадан бошотулду. Ал эми Ош шаарында эки бала барымтада деп ырастаган Шейит-Дөбө айылынын ондогон тургундары шаар комендантынын орун басары Бактияр Фаттаховду барымтага алышты. Анын аралыгында Бишкекте элди козуткан деп шектелген 111 киши кармалды.

XS
SM
MD
LG