Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Өлкөдө шайлоо жана референдум өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат


Маданият министри Рыскелди Момбеков баш болгон "Үмүт кербени" менен акын Анатай Өмүрканов, эмгек сиңирген артист Алтынбек Сапаралиевдер жана эстрада ырчылары Ысык-Көлдө үгүт-насыят иштерин жүргүзүшүүдө. Бишкекте Борбордук Шайлоо комиссиясы баш калаада 7-апрелде талкаланган автоматташтырылган шайлоо системасын калыбына келтирүүгө чечим кабыл алды. Бул система шайлоонун жыйынтыгын маалымат экраны, интернет жана мамлекеттик телеберүү аркылуу көрсөтүп турууга мүмкүндүк берет. Бийликтер келерки жекшембиге белгиленген конституция боюнча референдумду өз мезгилинде өткөрүүнү чечкен. ( JCH)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG