Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ЖККУ Кыргызстанга 9 тик учак бермей болду


Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Алик Орозов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга жардам берүүгө багытталган келишимге Жамааттык кызматташтык келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөр кол койгондон кийин унаалар, аскердик техникалар, гуманитардык жардамдар, курулуш материалдар келе баштайт. Алик Орозовдун айтымында, келишимге Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусия кол койгон, калган өлкөлөр бүгүн кол коюшу күтүлүүдө. Учурда бул келишимге Беларусия кол кое элек. Мындан сырткары жакын арада Орусиядан массалык башаламандыкты алдын алуу багытында иш алып бара турган атайын адистер келе турганы айтылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG