Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

АКШ соту Файзал Шахзадга айыбын айтты


Нью-Йорктун Таймс аянтында бомба жардырмак болду деп шектелген Файзал Шахзадга сот айыбын ырасмий түрдө угузду. Пакистанда туулган АКШ жараны Шахзад 10 берене боюнча, анын ичинде массалык кыргын салчу бомбаны жардырмак болду деп айыпталды. Ал 1-майда Манхеттендеги Таймс аянтына ичинде жардырчу заттары бар унааны токтотуп кеткен деп, айыпталып кармалган. Эгер Шахзаддын айыбы далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG