Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Р.Отунбаева Оштогу кырдаал менен таанышууда


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн бүгүн Ошко учуп барды. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Алишер Токсонбаевдин билдирүүсүндө, учурда Р.Отунбаева тик учак менен Ош шаарын үстүнөн кыдырып жүрөт. Андан соң убактылуу бийлик тарабынан сатылып алынган 15 тез жардам унаасын ээлерине тапшырып, тополоңдо жабыркаган адамдар менен ооруканаларга барып жолугары айтылды. Ошондой эле облустун жана шаардын тургундары, активи менен жолукмакчы. Р.Отунбаева менен чогуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев, саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева жүрөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG