Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Түштүккө гумжардам жөнөтүү уланууда


“Манас” эл аралык аэропортунун жетекчиси Болот Абдырахмановдун “Азаттыкка” Ош аэропортунан билдиришинче, аталган ишкана Ошко 100 тонналык гуманитардык жардам жөнөттү. Жардам ун, шекер жана күрүчтөн турат. Аны ишкана жетекчиси өзү коштоп барды.

Ушундай эле жардамды Убактылуу өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери да көрсөтүүдө. Алар республиканын түштүгүндө жабыркагандардын атайын эсебине 3 күндүк кызмат акысын которууну чечишти. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG