Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Нарында ветеринарлар кесиптик даярдыгын жакшыртууда


Учурда Нарын облусу боюнча 122 мал доктур Борбордук Азия университетинин профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан бизнес план түзүү боюнча окуудан өтүшүүдө. Жыйынтыгында ар бир ветеринар жеке ветеринардык сервистерди ачуу боюнча бизнес пландарын иштеп чыгышса, миң доллар өлчөмүндө грант берилет.

«Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо» коомдук корунун жетекчиси Мелис Бердибековдун айтымында алар өткөргөн изилдөөлөрдүн негизинде облуска 189 ветеринар жетишпегендиги маалым болгон. Жеке ветеринарлар ветеринардык дарыканаларды ачууга, ветеринардык тейлөө кызматтарын түзүүгө жана жасалма уруктандырууга өзгөчө кызыгып жатышат. (JI)

XS
SM
MD
LG