Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Ошто уурдалган врач табыла элек


Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы Оштогу тополоң учурунда белгисиз адамдар тарабынан жоголгон хирург Касымжусуп Акматов азыркы кезге чейин табыла электигин кабарлады. Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын Ош филиалынын башчысы Касымбек Мамбетов медицина кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч түшүп тургандыгына карабастан массалык башаламандыктардын убагында өз милдетин аткарууну улантып жатышканын белгиледи.

Ал эми Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Оштун Шейит-Дөбө айылынын тургундары менен жолугуп, уурдалган врачты берүү тууралуу сүйлөшө тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Касымжусуп Акматов 15-июнда жумуштан кайтканда белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG