Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

ФИФА: Түндүк кореялык футболисттер эч жакка качкан жок


Футбол боюнча дүйнөлүк федерация – ФИФА түндүк кореялык 4 футболист команда жайгашкан мейманканадан качып кетишти деген маалыматты төгүнгө чыгарды. ФИФАнын маалымат катчысы Николя Мэньонун ырастоосунда, Түштүк Африкадагы дүйнө чемпионатына катышып жаткан команданын бардык мүчөлөрү толугу менен мейманканада. Бир катар чет өлкөлүк маалымат каражаттары Түндүк Корея Бразилия менен 1-2 эсебинде ойногондон кийин кореялык оюнчулар саясий баш паанек сурашы ыктымал деп жазып чыгышкан эле. Түндүк Кореянын улуттук командасы дүйнө чемпионатында ушуну менен 2-ирет ойноп жатат. Буга чейин алар 1966-жылкы таймашууга катышкан.

XS
SM
MD
LG