Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Т.Үмөталиева: Ички миграциянын абалы оор болууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда Ош шаарында жүргөн Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, түштүктөн 3 күн ичинде 20 миңдей аялдар жана балдар Бишкекке учуп кеткен. Андан сырткары Ош шаарында турган кыргыздардын көбү айылдарга чыгып кеткен. “Алай жана башка жакка чыгып кеткендер гуманитардык жардамга жетпей жатат. Анктени жардам аймактарга тарабай атат. Ички миграцияны эске алган эч ким жок, абал оор болууда”, - дейт Т.Үмөталиева. Ал мындан мурдараак гумжардам жетпей жатканы белгиленген Нариман айылына ун жана башка азыктар бүгүн жеткирилип берилгенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG