Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ошто барымтадагыларды алмаштыруу иштери башталды


Ошто барымтадагы кыргыз жана өзбек улутундагыларды алмаштыруу иштери башталды. Шаар коменданты Курсан Асанов сүйлөшүүлөр негизинде өзбек улутундагы 637 жаран 432 кыргызга алмаштырылып үйлөрүнө кайтырылганын дубандагы кабарчыбызга билдирген.

Кечээ Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Ошко барып эл менен жолугушкан. Анда убактылуу өкмөткө дайынсыз жоголгондорду табуу, өлгөндөрдүн сөөгүн алып чыгуу, кыргыздар жашаган өзбек маалелериндеги тосмолорду ачуу, өзбек айылдарындагы курал-жарактарды жыйноо талаптары коюлган. (EK)

XS
SM
MD
LG