Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Р.Отунбаева Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрүн куттуктады


Бүгүн өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Советтер союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсенбековдун наамындагы Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарын бүтүрүү кечеси менен куттуктады. Аземге убактылуу өкмөт мүчөлөру Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Иса Өмуркулов, Орусия, АКШ, Түркия жана Франциянын аскердик атташелери катышты. ЖОЖду быйыл 104 курсант бүтүрүп, алардын жетөөнө президент Роза Отунбаева өз колу менен артыкчылык дипломдорун тапшырды. (EK)

XS
SM
MD
LG