Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Йенча: референдумга жер которгондорду камтуу керек


БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Мирослав Йенча түштүктөгү окуялар жана гуманитардык кризиске карабай, өлкөдө референдумга даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди. Ал Убактылуу өкмөткө жер которгон адамдарды өнөктүккө камтуу керектиги жөнүндө кеңеш бергенин айтты. Йенча Улуттар уюмунун баш кеңсесинде өткөн маалымат жыйынына Бишкектен видеобайланыш аркылуу катышты. Дипломат качкындар маселесин чечүүдө Өзбекстан бийлиги алгылыктуу кызматташып жатат деп белгиледи. Ал ошондой эле жергиликтүү калк тополоңду токтотуу үчүн эл аралык күчтөрдүн кийлигишүүсүн колдойт деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG