Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Ошто эртеңки күнгө чейин тосмолор алынбаса аскер күчү колдонулат


Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Мэр жакындары дайынсыз жоголгондор менен да жолугушуп, табылбай аткандардын саны 300-400гө жеткенин билдирди. Ал тосмолорду алып, жолдорду ачууга жана барымтадагыларды бошотуу үчүн эртеңки күнгө чейин убакыт бар экендигин эскертти. Мэр аскерлер тарабынан ок чыгарылбасын белгиледи. Куралчан адамдарды көмүскөдөн алып чыгуу үчүн эртеңден тарта аскердик күч жана техниканын жардамында катаал чаралар көрүлөөрүн бүгүн Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов да эскерткен эле. Бул тууралуу дубандан кабарчыбыз билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG