Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Обама жана Пан Ги Мун Мьянма оппозициясынын лидерин бошотууга үндөштү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ президенти Барак Обама Мьянма оппозициясынын лидери Аунг Сан Су Чжини бошотууга дагы бир жолу үндөштү. Нобель сыйлыгынын ээси Су Чжинин 65 жылдыгына карата жасаган билдирүүсүндө Обама укук коргоочунун эрдигин белгиледи. Пан Ги Мун саясатчынын үй камагында кармалып жатканына камтамасын билдирди. Мьянма демократиялык Лигасынын лидери 15 жылдан бери үй камагында отурат, ага чейин бир нече жыл түрмөдө кармалып келген. Анын партиясы1990-жылкы шайлоону жеңгени менен өлкөнү башкарган аскерлер бийликти өткөрүп берүүдөн баш тартышкан. АКШ Мьянмадагы адам укуктарынын абалына байланыштуу өлкөгө каршы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG