Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Р.Блейк: Бишкекте Транзиттик борборду чыгаруу боюнча сөз болгон жок


Бул тууралуу бүгүн Бишкекке келген АКШ мамкатчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Журналисттер ага айрым убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн “эгер Британия Максим Бакиевди кайтарбаса, АКШ транзиттик борбору чыгарылышы мүмкүн” деп айтканы тууралуу оюн сурап кайрылган.

ММК өкүлдөрү Блейктен АКШнын Кыргызстандын түштүгүндө машыктыруучу борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу да суроолор узатты. Ага АКШнын расмий өкүлү бүгүнкү кырдаалда бул маселе приоритет эмес экенин айтып, Америка үчүн өлкөгө тезинен гумжардам тартуу маанилүү болуп жаткандыгын белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG