Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

АКШ Кыргызстанга 32 миллион доллардан ашуун жардам берет


АКШ Мамкатчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк.
АКШ Мамкатчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк.

АКШ Мамкатчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк ишемби күнү иш сапары менен Бишкекке келди. Ал Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы соңку кырдаалды талкуулады.

АКШ Мамкатчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Бишкекке келээрдин алдында Өзбекстанда болуп, Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоңдо үй-жайын таштап, Өзбекстанга качкандар менен жолуккан.

АКШнын өкүлү Роберт Блэйк Бишкектеги иш сапарынын соңунда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Ал Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, коогалаңда жабыр тарткандар жана кырдаалды жөнгө салууга АКШ тарабынан берилчү гумжардам тууралуу сүйлөшкөнүн айтты. Анын айтымында, АКШ Кыргызстанга 32 миллион доллардан ашуун жардам бөлөт. Анын алгачкысы 5 млн. долларды түзөт. Каражат негизинен кырдаалды жөнгө салууга жана жер которгон адамдардын муктаждыктарына багытталмакчы.

АКШ өкүлү Роберт Блэйк түштүктөгү коогалаңда этникалык элементтер бар деп баалап, бул окуя иликтениши керек деп белгиледи:

- Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалды иликтөө боюнча Убакытлуу өкмөттүн демилгесин колдойм. Бирок аны менен катарлаш эл аралык иликтөө да жүргүзүлүшү зарыл. Ошол эле кезде тополоңго байланыштуу үй-жайын таштап, өлкөнүн ичине жана сыртткы өлкөлөргө качкандарды кайтаруу үчүн аларыдн коопсуздугу камсыз болуш керек, ишеним болуш. 100 миңден ашуун качкындар Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол эле кезде 300 миңдейи Кыргызстандын аймагында калган.

Мурдараак АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаевага телефон чалып, өлкөгө кандай көмөктөшүү жагын сүйлөшкөн болчу. Ал кырдаалды жөнгө салууга Америка жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Вашингтон Кыргызстанга чегерген 10, 3 миллион долларлык жардамдын 6 миллион доллардан көп суммага гуманитардык жардам токтоосуз жөнөтүлөрүн Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули айткан эле. Ал эми буга чейин Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол АКШ-Кыргызстан кызматташуусу жогорку деңгээлди көздөөрүн белгилеген.

Жергиликтүү саясат талдоочулар АКШнын апрель окуяларынан кийинки, утурумдук бийлик учурундагы Кыргызстан менен байланышуусун түрдүүчө баалашууда. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Американын Крыгызстанда орун алган окуяларга таасир бергенге чоң мүмкүнчүлүктөрү бар деген ойдо. Анын айтымында, АКШ да Кыргызстанда стабилдүүлүк болуусун каалайт:

- Эгерде бул жерде акыбыл курчуп кетсе, терроризм менен күрөшүү, баңгизатты ташыган кылмышкерлер тобу менен күрөшүү кыйын болуп калат. Ооганстандагы окуя бул жакты көздөй ооп, глобалдык коопсуздукка да коркунуч күчөп кетет. Ошондуктан да ушундай кызыкчылыктар болуп атат. Анын үстүнө транзиттик борбор Кыргызстандын “Манас” аба майданында турат. Ошондуктан да жардам бергенге аракет жасап жатат.

Молдалиевдин баамында, Америка Кыргызстанга биринчиден каржылык жагынан, экинчиден, НАТОнун алкагында жардам бере алат.

- НАТОнун атайын программасынын алкагында биз консултативдик жардам алышыбыз керек. Кыргызстан аны колдонбой жатабыз. Батыш өлкөлөрүндө дал ушундай этникалык крисизтерден чыгуу боюнча тажрыйбасы чоң. Советтер Союзунда мындай тажрыйба жок.

Дагы бир саясий серепчи Марс Сариев АКШнын Кыргызстанга ыкташынын себеби башкада дейт. Анын айтымында, АКШ Кыргызстан менен Орусия жакындашып атат деп кооптонууда.

- Американын Кыргызстанда бир гана кызыкчылыгы бар. Ал – база. Америка Кыргызстан Орусия менен тыгыз байланышып, кызматташып жатканын сезип атат. Ошон үчүн да мурда 10 млн. доллар беребиз деп, аны бир аптадан кийин 32 миллионго көбөйттү.

АКШ өкүлү Роберт Блэйк маалымат жыйында АКШ Кыргызстанга тынчтык күчтөрүн киргизбей тургандыгын, бул боюнча Кыргызстандан кайрылуу болбогонун ачыктады. Убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен болгон жолугушууда транзиттик борбор тууралуу сөз болбогонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG