Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Тажикстандан гуманитардык жардам келди


Тажикстан Кыргызстандын түштүк аймактарындагы баш аламандыктардан жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберди. Азык-түлүктөрдөн турган гуманитардык жардам Баткен облусуна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна келип түштү. 140 тонналык гуманитардык жардамдын 70 тоннасы Сузак районуна түшүрүлдү. Тажикстандан келген гуманитардык жардамдын 30 тоннасы ун, 10 тоннасы пияз, беш тоннасы кесме, беш тоннасы картөшкө жана дагы беш тоннасы өсүмдүк майынан турат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG