Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Баш аламандыктарда 202 адам каза тапты


Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон баш аламандыктарда ушул күнгө карата 202 адам каза тапты. Бардык жабыркагандардын саны эки облус боюнча 2092 адам. Алардын ичинен 935 адам ооруканага жаткырылса, 1097 адамга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Жалал-Абадда оор жаракат алгандар жок. Ал эми Ошто оор жаракат алган 5-6 адам ооруканада жатат. Учурда Ош жана Жалал-Абадда дарыгерлердин саны жана медициналык каражаттар жетиштүү. Ал эми оор жаракат алган адамдардын көбү Бишкекке которулган. Жакынкы арада, Оштогу ооруканаларда жаткан абалы оорлор да жол жүрүүгө жарап калышса Бишкекке жөнөтүлмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG