Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Ө.Субаналиев Оштогу жетекчилик кызматтан кетти


Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматына мындан сегиз күн мурда дайындалган Өмүрбек Субаналиев кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Ош жана Жалал-Абад облустарында кырдаал дале оор болуп турат. “Андыктан мындай шартта өлкөдө референдум өткөрүүгө болбойт”,- деген Ө.Субаналиев, кызматын таштоого ушулар жана партиялык иштерге өтүп атканы себеп болгонун кошумчалады. Ал эми Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы бул кабарды тастыктап, Ө.Субаналиевдин арызы кабыл алынганын билдирди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG