Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

“Азия Универсал Банкты” мурунку укугуна келтирүү планы бекитилди


Мындай токтомго Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 20-июнда кол койгонун Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, “Азия Универсал Банкты” мурунку укугуна келтирүү планы Каржы министрлиги жана Улуттук банк тарабынан сунушталган. Токтомго ылайык “Азия Универсал Банкына” 6 айлык мөөнөт менен банктын бардык активин тез сатууга колдоо үчүн чукул кредит 1 млрд. 500 млн. сом өлчөмүндөгү каражат берүү Улуттук банкка тапшырылып, Мамлекеттик мүлк министрлигине аталган банктын акцияларын 3 күндүн ичинде мамлекеттин пайласына чечүүнү ишке ашыруу милдеттендирилди. (AJ)

XS
SM
MD
LG