Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Франциялык футболчулар "иш таштоо" жарыялашты


Бразилия командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи айлампасына жолдомо алды. Кечээ алар Кот д`Ивуардын футболчуларын 3-1 эсебинде жеңишти. Бирок экинчи гол киргизгенде Луис Фабиано колу менен ойногонун судья көрбөй калды. Франциянын командасы болсо бүгүн машыгууга чыгуудан баш тартты. Алар Николя Анелканын командадан чыгарылышына нааразылыгын билдиришүүдө. Анелка Мексика менен матч учурунда машыктыруучуну тилдегендиги үчүн Франциянын футбол федерациясы тарабынан командадан чыгарылып, Түштүк Африкадан учуп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG