Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Р.Отунбаева Ноокат, Кара-Суу райондоруна барат


Бүгүн Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Жалал-Абад шаарында иш сапары менен болуп, эл менен жолугушууда Убактылуу өкмөт шаардын кыйраган имараттарын калыбына келтирүүгө, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга бардык аракеттерди көрөөрүн билдирди. Ал Жалал-Абаддан кийин Ош облусунун Араван районуна барып, район тургундары жана активи менен жолугушуп, элди сабырдуулукка, тынчтыкка үндөп, 27-июнда боло турган референдумга активдүү катышып берүүгө чакырды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG